Борбор калаада мөмө-жемиш, жашылчаларга болгон баалардын бир аз арзандаганы байкалууда





Кара-Балтанын күнөсканаларында өстүрүлгөн бадыраңдын 1 килограммы 170 сомдон сатылууда.




Лимондун 1 килограммы 160-170 сомдун тегерегинде болууда.



Банан







Болгар калемпиринин 1 килограммынын баасы бир айдан бери 280 сомдон 180 сомго чейин төмөндөдү.






Борбор калаанын базарларында мөмө-жемиш, жашылчалардын бир аз арзандаганы байкалууда. Бирок 21-Март - Нооруз майрамынын алдында дасторкон үстүнө коюла турган мөмө-жемиштердин баасы 5 сомдон 40 сомго чейин кымбаттаганын айтышат сатуучулар. Алардын айтымында, баалар майрамдын алдында жана майрам күнү кымбатыраак болот. Андан соң мөмө-жемишке болгон баалар мурунку калыбына түшөт.
Автор: Мальвина Уметбекова
Фото: Мальвина Уметбекова
Азыркы тапта алманын 1 килограммынын баасы 75 сомдон 90 сомго чейин, мандарин 100-150 сом (Марокко - 150, Египет - 120, Пакистан - 100 сом), лимон 160-170 сом (Испания - 160, Түркия - 170 сом) болууда. Ал эми бадыраңга болгон баа бир аз түштү, дем алыш күндөрү Кытайдан алынып келген бадыраңдын 1 килограммы 150 сомго чейин сатылган болсо, учурда 70-80 сомго чейин төмөндөдү. Ошондой эле өлкө аймагында өстүрүлгөндөрүнүн 1 килограммы 160-170 сомду түзүүдө. Кытай помидорунун 1 килограммы 60-90 сомдун тегерегинде сатылып жатат. Чамгырдын 1 боосу 25 сом, 1 килограммы 40 сом, көк пияз жана чөп-чарлар 10-15 сом. Аарчылган сарымсак 200 сом, аарчылбаганы 150 сом, сабиз 20 сом, картошка 20-23 сом, түрп 25-30 сом, пияз 28-30 сом, капуста 30 сомдун тегерегинде болууда.
"Учурда базарда сатылган мөмө-жемиштердин баары Кытайдан алынып келүүдө. Базар ичинде жергиликтүү багбандардын бадыраңдары жана чөп-чарлары гана сатылып жатат. Күн жылыса базардын ичи өлкө аймагында өстүрүлгөн бадыраңга толот, ошондо анын баасы төмөндөйт. Жогоруда айткандай, мөмө-жемиштердин басымдуу бөлүгү Кытайдан алынып келет жана анын даамы супсак. Ал эми Ташкенттен алынып келген помидор, бадыраңдын даамы жакшы, бирок баасы да 50-70 сомго чейин кымбатыраак болууда",- дейт сатуучу Жумабек мырза.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
adanov

19.03.2015. 21:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бадыран помидордун арзандаганын себеби бизнесмендер коп алып келип алышкан ошондуктан баа томондоп кетти бизнесмендер баарыбыз банкрот болуп жатабыз
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.