Нарын шаарынын РТС аймагында эс алуучу жай курулары айтылды





Нарын облусунун жана шаар башчыларынын шаар кыдыруу учурунда Теке-Секирик аймагына эс алуучу жай куруу, шаркыратманын суусу түшкөн арыктарды оңдоо, РТС аймагындагы курулуштарды, жол боюнда жайгашкан соода-сатык дүкөндөрүнүн сырткы көрүнүшүн иретке келтирүү боюнча маселелер белгиленди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын РТС аймагындагы Б.Жапаралиев атындагы сейил бакка күнөскана куруу иштери пландалып жаткандыгына, күндүн жылышы менен сейил бактагы балдар ойноочу селкинчектер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөрүнө "Жашылдандыруу" ишканасынын жетекчиси М.Токонов токтолду. Анда жакында курулуш иштери баштала турган күнөскананы салууга 500 миң сом акча каражаты талап кылынарын жана анын 200 миң сому өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү тарабынан берилип жатканын белгиледи.
Белгилей кетсек, РТС аймагын карамагына алган “Хьюмэн Эппиэл Интернейшнл” коомдук фонду буга чейин бул аймактын айрым жерлерине таза суу чыгарып жардам көрсөтүп келсе, эми Теке-Секирикке эс алуучу жайды куруу жана шаркыратманын суусу түшкөн арыктарды оңдоп берүү жагын колдоодо.




1 |