Алмазбек Атамбаев: "Англис тилин 58 жашка чыккандан кийин үйрөнүп жатам, билимди жаш кезде алуу керек"

















"Атам илгери "балам, сен окубай эле кой, мага жардам бересиң" деген эле. Анда апамдын болбой "балабыз билим алышы керек" деген сөзү эсимде",- деди президент Алмазбек Атамбаев. Муну мамлекет башчы 20-мартта Ала-Тоо конушундагы №82-мектептин ачылышында айтты. Өлкө башчы азыр ааламдашуу, интернет заманы экенин белгиледи. "Мен азыр 58 жаштамын, англис тилин эми үйрөнүп жатам. Жаш балдар билимди өз убагында алышы керек. Ал эми улуулар аларга шарт түзүп бериши зарыл",- деди Атамбаев.
Автор: Наргиза Бекжанова
Фото: Наргиза Бекжанова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

