super.kg logo

Ош. "Күйүүчү май чачылып күйүк алды" делген эки жаран оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат

 

Ош облусунда белгисиз жаран эки адамга күйүүчү май чачып, өрттөөгө аракет кылган. Натыйжада эки жабырлануучу аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кечээ түнү Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын күйүк бөлүмүнө эки жаран алынып келген. Анда У.Ф. аттуу жарандын 2-3-даражадагы 13-14 пайыз колунан, моюнунан, бетинен, далысынан, эки жамбашынан күйүк алганы аныкталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал мас абалда болгон. Ошондой эле Э.У. аттуу жаран да 2-3-даражадагы 48-50 пайыз денесинен күйүк алган, башы чайкалган, азыр Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: