super.kg logo

Ошто студенттердин катышуусунда Нооруз майрамына карата иш-чаралар өтүүдө

 

19-март күнү Ош мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинде жаз майрамына карата факультеттин дүйнөлүк адабият кафедрасынын демилгеси менен уюштурулган чоң программадагы майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Уюштуруучулар тарабынан кыргыздын боз үйү тигилип, сүмөлөк кайнатылды. Ошондой эле факультеттин таланттуу студенттери тарабынан ыр-бийлер аткарылып, “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылды. Кеченин жүрүшүндө кыз узатуу, бешик той, тушоо кесүү, үй той сыяктуу кыргыздын улуттук салт-санаалары чагылдырылып, тамак-аштары, оюндары көрсөтүлдү.

Ушул эле күнү кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде концерттик программа, улуттук тамак-аштардын сынагы уюштурулса, табият таануу жана география, медицина, математика жана информациялык технологиялар, юридика факультеттеринде сүмөлөк кайнатылып, оюн-зооктор уюштурулуп, кыргыздын ордо, күрөш, кол күрөш, аркан тартыш сыяктуу оюндары ойнотулду.

Мындай иш-чара ОшМУнун бардык факультеттеринде, колледждеринде, лицейлеринде, жатаканаларында да өткөрүлдү. 

Ал эми 20-март күнү борбордук аянтта Ош шаарынын эли үчүн өткөрүлүп жаткан Нооруз майрамына арналган  “Кадыр түн” кечесинде “ОшМУ жазы-2015” фестиваль-сынагынын гала-концерти тартууланып, боз үйлөр тигилип, улуттук оюндар ойнотулуп, сүмөлөк кайнатылат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: