super.kg logo

Ош. Жеңиштин 70 жылдыгына карата көркөм окуу сынагынын шаардык баскычында жеңгендер мэрия тарабынан сыйланышты

 

Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата көркөм окуу сынагынын шаардык баскычында байгелүү орундарга ээ болгон окуучулар Ош шаарынын мэриясы тарабынан белектер, Ардак грамоталар менен сыйланышты. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көркөм окуу сынагы Ош шаарындагы мектептерде мамлекеттик тилди өнүктүрүү, өспүрүмдөрдүн адабиятка кызыгуусун арттыруу, улут аралык биримдикти сактоо максатында өткөрүлгөн. Сынактын алгачкы баскычына жалпысынан 53 мектептен 171 окуучу катышкан. Алар жаш курагына карата 3 топко бөлүнүшкөн. 7 жаштан 10 жашка чейинки окуучулар бөлүнгөн топто 45 окуучу, 11-14 жаш аралыгындагы балдардын тобунда 67 окуучу болсо, 15 жаштан 17 жашка чейинкилерден 59 окуучу ат салышты.

Көркөм окуу сынагынын биринчи баскычынын жыйынтыгында ар бир топтон мыкты окуучулар тандалып, алар шаардык баскычка чыгышкан. Окуучуларга Ардак грамоталар менен баалуу белектерди Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Салыев өзү тапшырып, алар менен жылуу пикир алышып, баарлашып отурду. Шаардык баскычта алдынкы орунду багындырган окуучулар эми республикалык баскычка катышмакчы. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: