super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасы менен Орусиянын маданий кызматташуусунун келечеги талкууланды

 
19-мартта Орусия тараптын демилгеси аркылуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов менен Орусия Федерациясынын Президентинин эл аралык маданий кызматташуу боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкойдун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта аталган министрликтен билдиришти.
Жолугушууда кыргыз өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы маданий кызматташуунун келечеги талкууланды. Негизинен кыргыздын таланттуу жаштарын Орусиянын маданият жана искусство жаатындагы жогорку окуу жайларында окутуу үчүн квоталар, музыкалык мектептердин окутуучуларынын жана ар кыл жанрдагы артисттердин Орусиянын алдынкы мекемелеринен тажрыйба алуусу жөнүндө маселелер козголду. Мындан тышкары кыргыз тарап А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын абалын баалоо үчүн реставраторлор жагынан жардам берүү, ошондой эле музыкалык мектептердин аспап менен камсыздалышына колдоо көрсөтүү боюнча кайрылды. Жолугушуунун натыйжасында М.Швыдкой маданият багытында тийиштүү көмөк көрсөтүлөрүн белгиледи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: