super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Чоң Чүй каналынын азыркы абалын көрдү

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 20-мартта Чүй облусунун Чалдыбар айылындагы күнү-түнү жөнгө салынуучу бассейндин плотинасындагы оңдоо иштери менен таанышты. Оторбаев суу ресурстары менен көбүрөөк аянтты камсыздоо максатында бассейндин кубаттуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Дыйкандарга насыя берүү маселесине токтолгон премьер быйыл айыл чарба тармагындагы өкүлдөргө насыя берүү системи өзгөрүлөрүн, жаңы принципке ылайык, ссуда алуу үчүн ар бир фермер бизнес-планын сунуштоого тийиш экенин кошумчалады.

Премьер-министр Чоң Чүй каналына барып, анын техникалык абалы менен таанышып чыкты. Жыйынтыгында Каржы министрлигине, Айыл чарба жана мелиорация министрлигине жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жазгы талаа иштерине керектүү каражаттарды бөлүү тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: