super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

 
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков мекендештерин Нооруз майрамы менен куттуктады. 
Куттуктоонун тексти:
"Урматтуу мекендештер! 

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Эзелтеден белгиленип келе жаткан Нооруздун мааниси менен тарыхы терең, ал – жаңы күн, жаңы үмүт жана ынтымак менен ырашкерликтин символу. Жаңырган жыл менен кошо жакшылыктар келсин деген тилек айтылат. 

Жылдын ушул мезгилинде баба дыйкан талаачылык иштерине билек түрүнө киришет, ак эмгегинин акыбети кайтып, мол түшүм алышын тилейт. Бул майрам токчулуктун, жан дүйнөнү аруулатуунуун башаты катары сыпатталат. Жараткан өзү элибизге молчулук, мамлекетибизге тынчтык ыроолосун. Улуттун уңгусун сактап, каада-салтын, нарк-насилин бийик тутуп, улуттук экономикабызды көтөрүү аркылуу өнүгүп-өскөн кыргыз мамлекетин биргеликте куралы!"

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: