Жоомарт Оторбаев "Евразия экономикалык союзуна кирүүнүн негизги себептеринин бири - ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо" деди
"Азыр өндүрүшчүлөр кыйналууда, өлкө экономикасынын өнүгүүсүн камсыздай турган ишканаларды колдошубуз керек. Өкмөт алардын иштөө шарттарын жакшыртуу үчүн колдон келгендин баарын жасайт",- деп билдирди премьер-министр Жоомарт Оторбаев 20-мартта Чүй облусундагы ишканаларды кыдыруу учурунда. Өкмөт башчы кыргыз мамлекети Евразия экономикалык биримдигине кирүү алкагында өлкөдө заманбап жабдуулар менен лабораториялар курулуп, анда экспорттолуучу товарларга сертификат берилерин эске салды.
Оторбаев ЕАЭСке кирүүнүн негизги себептеринин бири ата мекендик өндүрүшчүлөр менен фермерлерди колдоо экенин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

