Ошто "Кыргыз тарыхындагы немистер" аттуу көргөзмө өтөт
Оштогу Улуттук корук-музейинде 27-март күнү "Кыргыз тарыхындагы немистер" аттуу көргөзмө ачылат. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фондунан билдиришти.
Көргөзмөнүн алкагында 27-28-март күндөрү немис кинематографиясындагы "Гудбай, Ленин!", "Берндин керемети", "Софи Шоллдун акыркы күндөрү", "Башкалардын жашоосу" өңдүү тасмалар көрсөтүлөт.
Көргөзмөнүн негизги максаты - кыргыз жериндеги немистердин Кыргыз Республикасы менен Германиянын экономика, кызматташтыгына кошкон салымын дүйнө коомчулугуна көрсөтүү. Көргөзмөгө келгендерге музейдин тажрыйбалуу педагогдору немис элинин маданиятын айтып беришет.
Иш-чараны "Кыргыз жергесиндеги немистердин элдик кеңеши", Германиянын КРдагы элчилиги, Гёте институту, "Интергласс" компаниясы жана "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фонду уюштурууда.


