super.kg logo
  Саясат  

Айнуру Алтыбаева парламентте айым депутаттар 30 пайыздан кем болбошу керектигин айтты

 

Кыргыз парламентиндеги депутаттардын 21 пайызын айымдар түзсө, мындай көрсөткүчтүн 64 пайызына ээ болгон Руанда мамлекети гендердик тең салмактуулук боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Муну депутат Айнуру Алтыбаева 20-мартта "Парламент" радиосунун түз эфиринде билдирди. 

"БУУнун статистикасы тастыктап тургандай, эгерде парламенттеги жалпы депутаттардын 10 пайызынан кем эмеси айымдар болсо, анда аялдардын көйгөйлөрү активдүү көтөрүлөт. Эгерде бул көрсөткүч 20 пайызга жетсе, балдардын, 30 пайызга жетсе, анда бүтүндөй үй-бүлөнүн көйгөйлөрү көтөрүлөт. Үй-бүлө тынч болсо, мамлекет тынч дегендей, ар бир татыктуу жашоо үй-бүлөдөн башталышы керек",- дейт депутат.

Депутат Жогорку Кеңештин Аялдар форумунун алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: