23-мартта Бишкектин кээ бир көчөлөрүндө суу убактылуу токтотулат

"Бишкек суу-канал" башкармалыгынын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 23-мартта саат 9:00дөн 17:00гө чейин иче турган суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, сууга болгон чектөө К.Акиев, М.Күрөңкеев, Логвиненко, Л.Толстой, Панфилов, Жибек-Жолу, Абдрахманов, Абдумомунов көчөлөрүндө, Манас, Чүй кең көчөлөрүндө киргизилет. Бул аймакта жайгашкан мекемелер: Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы, "Фабертэк" ишканасы, №3-шаардык гинекологиялык оорукана, "Жапан Стайл" дүкөнү, "Океан" дүкөнү, "КОСиКОГ" жабык акционердик коому, "Пекин" рестораны, Кыргыз драма театры, Улуттук китепкана, Кыргыз улуттук университети, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти, Улуттук статистикалык комитет, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион, Кыргыз билим берүү академиясы, "Телекомдун" филиалы, Биринчи Май райадминистрациясы, Т.Молдо - Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги Энергияны бөлүштүрүүчү ишкана, №33-орто мектеп, Кожомкул атындагы Спорт Ордосу, Бишкек техникалык колледжи, "КазКоммерцБанк", "Тез жардам" станциясы, №1-стоматологиялык бейтапкана, БУУнун "Өнүктүрүү" программасы боюнча мекеме, Мамлекеттик салык инспекциясы, "Бета Иншаат-Ятырымжалык", Улуттук кардиология борбору, Улуттук оорукана, Акушер жана педиатрия астындагы клиникалык төрөт үйү, "Промпроект" коому, Ветеринарлар бейтапканасы, №70-мектеп-гимназия, Орусия элчилиги, Керимбеков көчөсүндөгү №47-бала бакча, Манас кең көчөсү боюнча 9/1 дарегиндеги №184-бала бакча, Исанов-Бөкөнбаев көчөлөрүндөгү №115-бала бакча убактылуу суусуз калат.
"Бишкек суу-канал" башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурап, аталган уюмдар жана мекемелерден алдын ала суу толтуруп алууну суранат.
кошулду


