super.kg logo

Мамлекеттик башкаруу академиясында Нооруз майрамы белгиленди

 

Бүгүн, 20-мартта КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы Нооруз майрамын белгиледи. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Академиянын ректору Алмаз Насыров өзүнүн куттуктоо сөзүндө иш-чаранын катышуучуларын майрамы менен куттуктап, чың ден соолук, бейпил жашоо, тынчтык жана узун өмүр каалап өттү.

"Бүгүнкү бул жаш улан-кыздар эртеңки кыргыз жергебиздин татыктуу лидерлери болушат деп толук ишенем. Сиздерге жазгы гүлдөрдөй сулуулукту, туруктуулукту жана ийгиликти каалайм",- деди Насыров.

Ушундай эле куттуктоолорун испаниялык, франциялык жана орусиялык коноктор айтышты. Нооруз майрамы студенттердин ыр, бий, күлкү тартуулоосу менен коштолду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: