super.kg logo

14-февраль - Сүйүү күнүнө карата SUPER.KG порталы менен "Супер-Инфо" гезити уюштурган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

 

14-февраль - Сүйүү күнүнө карата SUPER.KG порталы менен "Супер-Инфо" гезити уюштурган сынак соңуна чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды. Сынак эки багытта өттү. Биринчи багыты – фотосынак боюнча бизге келип түшкөн таттуу түгөйлөрдүн сүрөттөрү порталыбызга добуш берүүгө коюлуп, жыйынтык төмөндөгүчө болду: 

1-орун - Бекзат+Эльнура (1-2-сүрөттөр)

2-орун - Тимур+Салтанат (3-сүрөт) 

3-орун - Адилет+Анара (4-5-сүрөттөр) 

4-орун - Эрлан+Гүлзат (6-7-сүрөттөр) 

5-орун - Туратбек+Кундуз (8-9-сүрөттөр) 

Сынактын экинчи багыты – сүйүү сезимдерин билдирүү боюнча редакциябыздын чечими менен жыйынтык төмөндөгүчө: 

1-орун - Арзубек+Бермет – (10-11-сүрөттөр). Сүйүү сезимдерин билдирүүдө шамал менен гүлдүн сүйүүсүн мисалга келтирип, сүйүү – бул назик сезим экенин көргөзүп берүүгө аракет кылып, өзүнүн жүрөгүндөгү сезимдери сөз менен айтып бүткүс экендигин билдирген. 

2-орун - Адилет+Анара – (12-13-сүрөттөр). Адилет аябай эле аракет кылып, башкалардан кантип өзгөчөлөнүштүн жолун издегенин көрө алдык. Кара көзүнө жалаң таттуулардан турган букет жасап, кыштын ызгарында шамдарды жүрөкчө кылып тизип, өз аруу сезимдерин Анара аттуу сулууга билдирген. Аракети текке кетпей, минтип экинчи орунду багындырды. 

3-орун - Канат+Гүлжаз – (14-сүрөт). Канат мырза заманбап жигит экен, серенада ырдабастан сүйүүктүүсүнө рэп стилинде ыр жазып, өзүнүн ички сезимдерин билдирген. 

4-орун - Улан+Айпери – (15-16-сүрөттөр). Бул ирет мырза эмес, Айпери аттуу сулуу уялбастан Улан мырзага өзүнүн сезимдерин кагаз бетине түшүрүп, сүйүүсүн билдирүүгө аракет кылган. 

5-орун - Мирлан+Айзат – (17-18-сүрөттөр). Ал эми бул түгөйлөрдүн сүйүү шаарчасында жашаганы көпчүлүктүн кызыгуусун арттырбай койгон жок. 

Ал эми сынактын кичинекей катышуучулары Арафат менен Медина (19-20-21-сүрөттөр) редакциябыздын атайын белектери менен сыйланышты.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.02.2013. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оной эле экенда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: