Владимир Путин Орусия, Казакстан жана Беларусту бирдиктүү валютага өткөрүүнү сунуштады

Президент Владимир Путин Орусия, Казакстан жана Беларусту бирдиктүү валютага өткөрүү маселесин карап көрүүнү сунуштады. Муну Орусия лидери 20-мартта аталган өлкөлөрдүн башчылары менен Астанада жолугушуудан кийин билдирди. "Бири-бирибиз менен тыгыз иштешип жаткандыктан, бирдиктүү рынокту коргоо үчүн тышкы каржы-экономикалык коркунучтарга чара көрүү жеңил болот",- деди Путин.
Белгилей кетсек, быйыл январдын аягында Беларусь президенти Александр Лукашенко Евразиялык экономикалык союздун бирдиктүү валютасы жакында пайда болбой турганын билдирген эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

