super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Бутан падышалыгынын Улуттук ассамблеясынын cпикери менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 20-мартта илбирс байырлаган өлкөлөрдүн Башкаруу комитетинин биринчи жыйынына катышкан Бутан падышалыгынын Улуттук ассамблеясынын спикери Люонпо Жигме Зангпо менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.  

Төрага кыргыз мамлекетинин илбирсти коргоо боюнча демилгесин колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өткөрүлгөн иш-чара 2013-жылдын октябрында илбирсти коргоо боюнча глобалдуу форумда кабыл алынган "Бишкек декларациясын" аткаруу алкагындагы 12 өлкөнүн бирдиктүү аракетинин уландысы болуп калгандыгын баса белгиледи. Ошону менен катар А.Жээнбеков Кыргыз Республикасы дагы Бутан сыяктуу эле айлана-чөйрөнү, анын ичинде сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоого жигердүү камкордук көрөрүн билдирди. 

Бутан падышалыгынын Улуттук ассамблеясынын спикери Люонпо Жигме Зангпо кыргыз тараптын чакыруусуна ыраазычылыгын айтып, иш-чара жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта жана ийгиликтүү өткөндүгүн белгиледи. 

Тараптар айыл чарбасы, тоо туризмин жана гидроэнергетиканы өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу, ошондой эле кыргыз өлкөсү менен Бутандын ортосундагы парламенттер аралык алакаларды жолго коюу маселелерин талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: