Ош. Нооруз майрамында 13 боз үй тигилип, ар улуттун каада-салттары көрсөтүлдү
































Нооруз майрамына карата Ош шаарынын борбордук аянтында ар улуттун каада-салтын, маданиятын чагылдырган 13 боз үй тигилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Аймактык кеңештер жана этностук маданий борборлордун өкүлдөрү тарабынан боз үйлөр жасалгаланып, алардын жанына кол өнөрчүлөрдүн буюмдары, тамак-аштын түрлөрү коюлуп, ар улуттун каада-салттарынан көрүнүштөр, ыр-бийлер тартууланды.
Иш-чаранын жүрүшүнө КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов жана Жогорку Кеңештин депутаттары күбө болушту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
2

Кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.