Ноорузга карата Нарын шаарынын борбордук аянтында салтанаттуу иш-чара болуп өттү
















Ноорузга карата Нарын шаарынын борбордук аянтында салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Дүйшөк кызы Айнура билдирди.
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов өз сөзүндө калкты ынтымакка чакыруу менен бирге: "Ноорузду тосуу учурунда ар бир инсан ички дүйнөсүн жаман ойдон арылтууга, көңүл кирин кетирүүгө аракеттенип, өзүн асыл ойго, ак сөзгө, адилет ишке багытташы зарыл. Бул эзелтен келген салт. Нооруз майрамын даңазалаган дагы бир мааниси терең нерсе – бул жер айдап, эгин себүүнүн башталышы",- деди.
Саамалык театрлаштырылган оюн-зоок программасы менен коштолуп, ага театр артисттери, студенттер жана таланттуу окуучулар катышты. Жазгы майрамдык салтанатты улай коноктор "Чабандес" скверине көк карагайдын жана арчанын көчөттөрүн отургузушту.


