super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаевдин Европа өлкөлөрүнө иш сапары башталды (делегация курамы)

 
Кыргыз мамлекетинин президенти Алмазбек Атамбаевдин Европа өлкөлөрүнө иш сапары башталды. Өлкө башчы 23-24-мартта Австрияда жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт. Австрия президенти Хайнц Фишер менен жолугушат. Алмазбек Атамбаев 25-мартта Франциянын президенти Франсуа Олланд менен жолугушуу өткөрөт. 26-мартта мамлекет башчы Швейцариянын президенти Симонетта Соммаруга жана аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Дидье Буркхальтер менен жолугушса, 26-27-мартта Бельгияда Европа союзунун өкүлдөрү, мунун ичинде Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана башкалар менен жолугушат. 30-мартта президент Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушмакчы. Ал эми 1-апрелде Германиянын президенти Йоахим Гаук жана канцлер Ангела Меркель менен жолугушуу өткөрөт. 
Кыргыз мамлекетинин делегациясынын курамы төмөнкүдөй:
Алмазбек Атамбаев - президент;
Раиса Атамбаева - президенттин жубайы;
Эрлан Абдылдаев - тышкы иштер министри;
Сапар Исаков - КРнын Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Валерий Диль - вице-премьер-министр;
Эрмек Ибраимов - Кыргыз Республикасынын Австриядагы элчиси;
Гүлнара Искакова - Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы элчиси;
Асеин Исаев - Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы элчиси;
Болот Отунбаев - Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси;
Толкунбек Абдыгулов - Улуттук банктын төрагасы. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: