super.kg logo
  Саясат  

Ольга Лаврова: "Реалдуу секторду өнүктүрүшүбүз керек"

 

Реалдуу секторго кетчү чыгымдардын деңгээлинин өсүп кетиши 2015-жылдын бюджетинин өзгөчөлүгү. Муну каржы министри Ольга Лавровага шилтеме берүү менен Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Анын айтымында, былтыр реалдуу сектордун чыгымдары 31 миллиард сомду түзсө, быйылкы жылдын бюджетинде бул секторго 48 миллиард сом каралган.

“Бюджеттин чыгашаларынын курамында реалдуу чыгашалар көбөйгөндүгүнүн эсебинен социалдык секторго кетчү чыгымдар азайды. Бирок бул социалдык секторго кетчү чыгымдар азайгандыгын билдирбейт. Социалдык секторго кетчү чыгымдар да көбөйүүдө. Былтыр 56 миллиард сом болсо, быйыл 60 миллиард сом болду. Бул реалдуу секторду өнүктүрүү жагына чыгашаларды трансформациялабай туруп келечекте социалдык чөйрөгө кетчү чыгашалардын өсүшүн өтө чоң кыйынчылыктар менен камсыз кыларыбызды түшүнүп жаткандыгыбызды айтып турат. Реалдуу секторду өнүктүрүшүбүз керек”,- деп билдирди министр.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: