Испаниянын футбол боюнча чемпиондугунда “Барселона” мадриддик “Реалды” утуп алды


























23-мартка караган түнү футбол боюнча Испания чемпиондугунун 28-турунда каталондук “Барселона” менен мадриддик “Реал” кез келди. “Эль Класико” же болбосо жөн гана классика деп аталган бул оюнда 2:1 эсебинде каталондуктар жеңишке жетишти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, “Барселонага” жеңиш алып келген голдорду Жереми Матье менен Луис Суарес киргизди. Ал эми коноктордун курамынан Криштиану Роналду айырмаланды.
Кошумчалай кетсек, бул жеңиштен кийин “Барсанын” карамагындагы упайдын саны 68ге жетип, атаандашын 4 упай артка калтырды (“Реалдын” карамагында 64 упай бар). Мелдештин жеңүүчүсү дагы 10 оюндан кийин аныкталат.
Эль Классико. Барселона - Реал - 2:1
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

охо катуу кеттин го братан 3-0 менен женгенсип КУДА КАЛАСА уефада талкалайбыз биз конокто ойносок да татыктуу турдо ойнодук атака бизде болду кайра кайра барсанын защитасын тешип отуп аттыго
20 же 3-1 менен женсенер мен эч нерсе демек эмесмин 2-1 менен женип алып эле опконор батпай кетет да ушуш барсамандар
катуу кетсем кечирип койгула