super.kg logo

Ош. Мугалимдер жана ата-энелер “Окуучуну кантип башкаруу керек?” деген темада талкуу өткөрүштү

 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу Фрунзе атындагы мектепте “Окуучуну кантип башкаруу керек?” деген теманын алкагында талкуу болду. Талкууну “Жылдын мыкты мугалими-2014” сынагынын жеңүүчүсү Мелисбек Музулманов уюштуруп, тажрыйбалуу мугалимдерге, жогорку окуу жайдан келген окутуучуларга, ата-энелер комитетинин өкүлдөрүнө жана мектепте жаңыдан иштеп баштаган жаш мугалимдерге “Бүгүнкү күндө окуучуларды кантип башкаруу керек?” деген суроо салып, жыйынтыгында түрдүү ойлор айтылды.

Айрымдары "окуучулардын досторун, мектептен сырткары аралашкан чөйрөсүн кошо башкаруу керек, анткени окуучу аралашкан чөйрөсүнөн көбүрөөк таасир алат" дешсе, кээ бир 20-30 жылдык тажрыйбасы бар мугалимдер "советтик доордун тарбиясына салуу керек" дешти. Ата-эне балдарын бош калтырбай, түрдүү ийримдерге катыштыруусун мугалимдер суранып өтүштү. Ал эми жаш мугалимдердин окуучулар менен уруш-талашка барбашы үчүн биринчи кезекте алардын психологиясын мыкты өздөштүрүү сунушталды. Негизгиси таалим менен тарбияны такай айкалыштырып сабак өтүү керек деген жыйынтыкка келишти. 

Аталган иш-чарага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, шаардагы мектептердин мугалимдери жана ата-энелер катышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: