Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге колдоо көрсөтүү боюнча жарлык чыкты
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге жана алардын жакындарына колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 23-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Жарлыкка ылайык, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгынын урматына ардагерлерге жана көз жумган ардагерлердин аялдарына майрамга карата президенттик фонддон 10 миң сомдон берилет.
Ошондой эле ушул жылдын 1-майынан тартып өмүр бою берилчү стипендияларга президенттик фонддон 3000 сом, республикалык бюджеттин эсебинен 7000 сом кошулуп, ардаргелер ай сайын кошумча 10 миң сомдон стипендия алышат. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

