25-мартка чейин өлкөдө аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт
24-25-март күндөрү өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, 25-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоо жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Ошондой эле күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:17
2025-11-07
22:29
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















