Чыныбай Турсунбеков: "Алдыбызда мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча маанилүү милдеттер турат"
Бишкекте бүгүн, 23-мартта Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары
мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук
программасын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун жыйыны
өттү. Жумушчу топтун башчысы, депутат Чыныбай Турсунбеков мамлекеттик
тилди өнүктүрүүдө маанилүү милдеттер турганын белгиледи.
“Бизге өлкөдө мамлекеттик тилдин өнүгүшүн ишке ашыруунун жүрүшүнө көзөмөлдүк
кылуу боюнча өтө орчундуу милдеттер жүктөлдү”,- деди депутат.
Автор: Автандил Добулбеков
Турсунбеков кыргыз тилин үйрөтүүгө жана анын
өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн берилген каражатты эффективдүү пайдалануу зарылдыгын белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

