Жаза аткаруу кызматы тергөө абагындагы "эки баласын өлтүрдү” деп шектелген аялды ооруканага которууну өтүнүүдө
"Борбордогу Арча-Бешик жаңы конушунда эки баласын өлтүрдү" деп шектелип 2 ай камакка алынган аялды атайын ооруканага которууну өтүнүүдө. Мындай өтүнүч менен №1-СИЗОнун администрациясы жана Жазаларды аткаруу кызматы тиешелүү мекемелерге кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу кызматынын маалымат борборунун өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди.
"Кылмышка шектүү тиешелүү соттук-психиатриялык экспертизадан өткөрүлгөн, бирок адистер анын жыйынтыгын билдирише элек. Учурда аял отурган №1-СИЗОнун администрациясы жана Жазаларды аткаруу кызматы бул ишти карап жаткан тергөөчүлөрдөн жана жооптуу кызматкерлерден А.Ибраева боюнча экспертизанын жыйынтыгын тездетүүнү өтүнөт. Ал тиешелүү адистер тарабынан психологиялык жардамга муктаж. Аны атайын дарылоочу жайга которуу керек",- деп билдиришти Жаза аткаруу кызматынан. Айта кетсек, 15-февраль күнү Арча-Бешик жаңы конушундагы батирлердин биринен 3 жана 4 жаштагы балдардын жансыз денелери табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары маркум балдардын апасы кармалган.
Ошондой эле кылмышка шектүүнүн Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштеп келгени белгилүү болгон.


