super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз жеринде орус тилинен "расмий тил" деген статусту алып салуу сунушталууда

 
Кыргыз мамлекетинде бир катар окумуштуулар орус тилинен "расмий тил" деген статусту алып салууну сунушташууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов журналисттерге билдирди. Кыргыз Республикасында 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө болбой турганын белгилеген Эрматов: "Бирок бир катар окумуштуулар тил саясатынын бир бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү зарылдыгы тууралуу маселе көтөрүшүүдө. Орус тилинен "расмий тил" деген статусту алууну сунуштап жатышат. Мындай норма биздин өлкөдө гана калыптыр. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү зарыл, бул үчүн парламент маселе көтөрүшү керек. Азыр көпчүлүк мамлекеттик органдар орус тили расмий тил экенине шылтап документ иштерин орус тилинде жүргүзүшүүдө",- деп билдирди.
Эрматов мамлекеттик органдарда кыргыз тилин колдонуу боюнча алдыга жылыштар болуп жатканын, айрым министрликтер толук түрдө документ иштерин кыргыз тилинде жүргүзүүгө өткөнүн кошумчалады.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: