Өмүрбек Абдрахманов "Кыргызстандагы сотторду көзөмөлгө алган эч ким жок" дейт
“Депутаттардын айлык маяналары жашыруун болсун" деп Жогорку Сот чечим чыгарды, чын эле жашыра турган бир нерсе бар окшойт”. Мындай пикирди бүгүн, 14-февралда ЖКнын жыйынында депутат Өмүрбек Абдрахманов билдирди. Кыргызстандагы соттор өз билгендерин жасап жатканын айткан депутат буларга токтолду: “Азыр сот тармагын көзөмөлгө алган эч ким жок. Маселен, 6 миң доллар пара алгандыгы үчүн сот департаментинин жетекчиси кармалган эле. Кечээ соттор ага жөн гана айып салып туруп бошотуп жиберишти”,- деди Абдрахманов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

Рейтинг:
0

