Ошто "Март жана Апрель элдик революцияларынын сабактары" деген аталыштагы илимий конференция өтүүдө




Бүгүн, 23-мартта Ош шаарында 24-март - Март революциясынын 10 жылдыгына, 7-Апрель - Элдик революциянын 5 жылдыгына карата “Март жана Апрель революцияларынын сабактары” аталыштагы илимий-практикалык конференция өтүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Конференциянын жүрүшүндө Ош шаарынын вице-мэри Иличбек Эргешов болуп өткөн эки революциянын жыйынтыгы келечек муундарга сабак болушу керектигин билдирди. “Бүгүнкү күндө да Кыргызстандын келечегин ойлобостон, элдин арасына бүлүк салууну каалаган күчтөр жок эмес. Ошол эле учурда өлкөнүн өнүгүүсү үчүн аракет кылуунун ордуна жеке кызыкчылыгын ойлогон мамлекет кызматкерлери да бар. Биз болуп өткөн революциялардын максаттарын жаштарга жеткирүү менен бирге эле, өлкөнүн келечегин ойлогон кадрларды даярдообуз абзел”,- деди И.Эргешов.
Иш-чарага КРнын Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын вице-мэри Иличбек Эргешов, аталган революциянын катышуучулары, тарых илимин изилдөөчүлөр катышууда. Конференция пленардык отурум менен улантылып, жыйынтыгында жалпы катышуучуларга концерттик программа да коюлмакчы.


