super.kg logo

Жалал-Абадда "Коопсуздук-2015" машыгуусуна даярдыктар көрүлүүдө

 

25-марттан 27-мартка чейин Жалал-Абад облусунда "Коопсуздук-2015" аталышында командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу өтөт. Иш-чарага катышуу үчүн бүгүн, 23-мартта Жалал-Абад шаарын көздөй Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын офицерлеринин ичинен ыкчам топ жөнөп кетти. Бул тууралуу Башкы штабдын Маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, жалпы планга ылайык, машыгуу 2 этапта өтүп, министрликтер, ведомстволор, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк, Жалал-Абад шаарынын мэриясы, мамлекеттик администрация органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тартылат. Өзүнчө резервдик ротанын өздүк курамы үчүн аткыч куралдардан ок атуу күжүрмөн аракеттерин жүргүзүү пландалган. Иш-чарага бардыгы болуп 500дөн ашык адам катышмакчы.

Машыгуунун ачылышы 25-мартта Жалал-Абад шаарынын мэриясынын имаратында болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: