super.kg logo

Катуу сабалып, зордукталган баланын окуясы боюнча сот 2-апрелде жабык режимде өтөт

 
Чүй облусунда катуу сабалып, зордукталган 2 жаштагы баланын окуясы боюнча соттук отурум 2-апрелде жабык режимде өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта SUPER.KG порталына Аламүдүн райондук сотунун канцеляриясынан билдиришти. 
Белгилүү болгондой, соттук кароону Аламүдүн районунун судьясы Төлөмүш Асылов жабык режимде карайт. 
Эске салсак, бул окуя боюнча тергөө амалдарын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Иликтөө башкармалыгы жүргүзгөн. Кылмышка шектүү катары кармалган эки жаранга карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер”, “адамды өлтүрүүгө аракет кылган” жана “кылмыш далалаты” беренелери боюнча айып тагылып, 16-март күнү козголгон кылмыш ишинин материалдары Аламүдүн райондук сотуна өткөрүлгөн болчу.  

11-январга караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жаракаттар болгон. Соттук-медициналык экспертиза анын зордукталганын аныктаган. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары баланын атасынын 47 жаштагы бир тууган агасы жана анын аялы эки айга камакка алынган. Кийин баланын атасы да камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголгон. 

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.03.2015. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SUPER.KG порталы сот кандай чечим чыгарганын да кабарлап койсонуздар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: