super.kg logo

Борбор калаада буту менен сүрөт тарткан Төлөн Жумагуловдун жеке көргөзмөсү ачылды

 
Төлөн Жумагулов жер астындагы өтмөктө буту менен сүрөт тартат.
Төлөн мырза көбүнчө портрет жанрындагы сүрөттөрдү тартат. Алардын басымдуу бөлүгү белгилүү ырчы кыздар.
Биринчи көргөзмөсүн сүрөтчү Төлөн Жумагулов толкунданып карап жатты.
Сүрөтчүнүн келини Айзат Шакиева: "Биздин агабыздын эркин, оңой эмес тагдыр менен күрөшкөнүн көрүп, жашоого нааразы болгон дени сак адамдар сабак алышса дейм".
Төлөн мырза башкы кыялынын бири орундалып жатканына сүйүнүп, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.
Төлөн Жумагуловдун уулу Муслим: "Атамды кышында тоңуп иштебе деп башында урушчумун. Өзүнүкүн бербеген көк бет адам. Үйдө отурганды жаман көрөт. Эл менен аралашып жүргөндү жактырып жатса, эми кантип иштебе дейсиң?"- деди.

Бүгүн, 23-мартта борбор калаадагы соода түйүндөрүнүн биринде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Төлөн Жумагуловдун жеке көргөзмөсүнүн ачылыш аземи орун алды. Көргөзмөдө буту менен сүрөт тарткан таланттуу сүрөтчүнүн 50гө жакын эмгеги орун алды. Иш-чаранын жүрүшүндө сүрөтчүнүн жашоосун баяндаган даректүү тасма эл назарына коюлду. 

Төлөн мырза алгачкы жолу уюштурулуп жаткан жеке көргөзмөсүнө келини Айзат Шакиева менен келди. Башкы кыялынын бири орундалып жатканына сүйүнгөн ал уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип өттү. Жүрөгүндө сүйүү жашаган адам бактылуу экенин белгилеп, кайгылуу кыргыз тасмаларын көргөндү жактырарын айтты.

"Кайнагам шал оорусу менен төрөлүптүр. Дарыгерлер "бул бала адам болбойт, ийне сайып өмүрүн токтотуп коёлу" деп сунушташыптыр. Тогуз ай көтөрүп, толготуп төрөгөн баласын эне кантип кыят? Алардын сөзүн четке кагып кайненем кыйналса да багып чоңойтуптур. Бой жетип, балдар үйүндө тарбияланган кызга үйлөнгөн. Жубайы өпкө оорусунан каза болуп калган. Алардын ортосунда Муслим аттуу уулу бар. Ал 24 жашта, ден соолугу жакшы.  

Ак-Ордо жаңы конушунда кичинекей үйү бар, ошондо турушат. 2003-жылы биринчи жолу шаарга биздикине келип, баш калаада отурукташып калды. Ошол жылдан бери жер алдындагы өтмөктө отуруп сүрөт тартып тамак-ашын табат. Жадакалса жалгыз баласынын окуу акысын төлөп жогорку билимдүү кылды. Бизге дагы жардам берип турат. 

Негизинен портрет жанрындагы сүрөттөрдү көп тартат. Көргөзмө өткөрүү кайнагамдын башкы кыялдарынын бири эле. Аны ишке ашырууга көмөк көрсөткөн жаштарга терең ыраазычылык билдиребиз. Биздин агабыздын эркин, оңой эмес тагдыр менен күрөшкөнүн көрүп, жашоого нааразы болгон дени сак адамдар сабак алышса дейм",- деди Айзат Шакиева.

Белгилей кетсек, көргөзмө Жаштар институту тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көрсөтүү максатында уюштурулду. 






Буту менен сүрөт тарткан Төлөндүн тагдыры

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
SUPER.KG видео
30.06.2012. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат!!! темир адам экенсин!!!
SUPER.KG видео
02.07.2012. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын, дени соо адамдар, кочодо жон эле жалкоолуктун кунун откоруп жургон бекерчилерге бул сабак болсун. Мен сизди колдойм Толон брат!!!!!!!
SUPER.KG видео
02.07.2012. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх жашоо ушундай кызыктарга бай тура.....
SUPER.KG видео
06.07.2012. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эми Алла таала ырыскысын берсин мындай оз эмгеги менен тапкан майыптар чанда ошентсе да баласына ыйман берсин озуно ден соолук жана аман болсун
SUPER.KG видео
06.07.2012. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эх,коруп алып зээнин кейийт экен.кудай сактасын адам баласын жараткан сон эсен соо эле жаратса экен жараткан.Толон байке ар дайым аман болунуз,баланыздын урматын корунуз.
23.03.2015. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жараткан АЛЛА денсолугуна кубат берсин жалгыз баласын ыймандуу кылсын. Алты саны аман адамдар кайыр сурап тапканын ичип салып эле жалдырап журушбойбу ал алкаштарга бергиче Толон братка окшогондорго кайрымдуу болгула жаштар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: