super.kg logo

Ошто шаардык олимпиадада жеңген окуучулар жана алардын мугалимдери сыйланышты

 

Бүгүн, 23-мартта шаардагы Горький атындагы мектепте окуучулардын предметтик олимпиадасынын шаардык баскычында 1-орунду алган 34 окуучуга жана алардын мугалимдерине Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын дипломдору жана баалуу белектери тапшырылды.

Салтанаттуу кечеде аталган башкармалыктын башчысы Куштарбек Кимсанов: “Биз балдардын билимин белек берип ченебейбиз, баланын билими белек менен бааланбайт. Бул жөн гана окуучуну шыктандыруу. Окуучуларыбыз Ош шаарынын намысын өздөрүнүн алып жаткан чыныгы билими менен коргоп келүү милдети менен республикалык олимпиадага катышуу алдында турушат. Талыкпас эмгек, ийгилик каалайбыз”,- деди. Иш-чаранын жүрүшүндө жеңүүчү окуучулардын ата-энелери олимпиада боюнча өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.  

Аталган иш-чарага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, мектеп мугалимдери, окуучулар жана ата-энелер катышты.

Мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасы Ош шаарында 4 баскыч менен өтүп, анда 1-орунду багындырган 34 окуучу 26-мартта Бишкек шаарында өтүүчү республикалык олимпиадага катышуу үчүн жөнөп кетет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: