super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаевден Орусиянын президенти Владимир Путин менен тил табышуу боюнча кеңеш сурашты

 
Бүгүн, 23-мартта президент Алмазбек Атамбаев Австрияда өтүп жаткан расмий иш сапарынын жүрүшүндө уюштурулган маалымат жыйынында австриялык журналисттердин суроолоруна жооп берди. 
Анда "Сиз Орусиянын президенти Владимир Путин менен жакшы достордонсуз. Буга байланыштуу батыш өлкөлөрүнүн башчыларына кеңеш бере аласызбы, кантип Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон тыныгууну жолго салса болот?" деген суроо берилди. 
Алмазбек Атамбаев бул суроого төмөндөгүчө жооп берди: "Украинадагы окуялар баарыбыздын тынчыбызды алып жатканы жашыруун эмес. Кыргыз Республикасы Украинадагы коррупционерлердин режиминин кулаганын жана жаңы бийликтин келгенин колдогон биринчи өлкөлөрдүн катарында болгон. 
Ушул эле билдирүүдө биз этникалык аралык мамилеге чоң маани берүү керектигин белгилегенбиз. Менимче, мындагы чоң катачылык Украинанын Жогорку Радасынын орус тилинин статусу тууралуу мыйзамын жоюп жиберүүсү болгон деп эсептейм. Жакында эле Санкт-Петербургда болуп өткөн Владимир Путин менен жолугушуубузда ошол эле Украинадагы, ошол эле Молдовадагы кырдаал боюнча сүйлөшүү жүргүздүк. Путин Орусиянын Европа менен мамилесинин оңолушуна жана Украинанын аймагында тынчтык орноосуна кызыкдар".





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: