Өлкөнүн айрым аймактарында суу каптоо коркунучу күтүлүүдө
24-25-мартта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас облустарында ойдуң жерлерди суу капташы мүмкүн. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү күтүлөт, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ошондой эле 25-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Казарман - Ак-Тал-Чат (67-94-чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.




1 |