super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз жеринен президент Аскар Акаевдин куулганына 10 жыл толду

 
2005-жылдын 24-марты
2005-жылдын 24-марты
2005-жылдын 24-марты
Аскар Акаев өлкөнү таштай качып, мамлекет жетекчилигине оппозиция өкүлдөрү келишкен.
Аскар Акаев 10 жылдан бери Москвада баш калкалайт.

24-март - Кыргыз Республикасында президент Аскар Акаевдин бийлиги кулатылган күн. Авторитардык режимге каршы көтөрүлүп чыккан эл 2005-жылдын 24-мартында февраль айында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалап, одоно мыйзам бузууга барган бийликти кулаткан. Элдин нааразычылыгын 2005-жылкы парламенттик шайлоо чегине жеткиргени белгилүү. 

Борбордук "Ала-Тоо" аянтына чогулган карапайым калк жерлердин жең ичинен сатылышы, туура эмес кадрдык саясат, мамлекеттик башкарууга президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн аралашуусуна каршылык билдиришип, Акаевдин отставкасын талап кылган. 2002-жылкы Аксы окуясы, ага күнөөлүүлөрдүн жазаланбаганы да президентке болгон элдин ишенимин жоготуп, бийликке кыжырланууну күчөткөн. 2002-жылы Үзөңгү-Кууштун Кытайга сатылып кетишине, депутат Азимбек Бекназаровдун камалышына каршы чыккан аксылыктарга акаевдик бийлик ок чыгарып, андан 6 адам каза тапканы маалым. Толкундоо күч алып, абал чыңалганда ошол кездеги мамлекет башчы Аскар Акаев өлкөнү таштай качып, мамлекет жетекчилигине оппозиция өкүлдөрү келишкен. Курманбек Бакиев президент болуп шайланган. 

Эскерте кетсек, 2008-жылдан кийин 24-март календарда кызыл менен белгиленип, "Элдик революция күнү" деп майрамдалып келген. 2011-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарынын сунушу менен бул күн "Элдик революция күнү" деген статусун жоготкон. Парламент атайын чечим кабыл алып, андан бери бул күн календарда кызыл эмес. 






24-март, 2005-жыл

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: