super.kg logo
  Саясат  

Депутат Назарали Арипов "Сүлүктү көмүр" ишканасынын 229 кенчиси ишсиз калганын айтты

 

ЖКнын бүгүнкү, 14-февралдагы жыйынында депутат Назарали Арипов Баткен облусундагы “Сүлүктү көмүр” ишканасындагы кырдаалды кароо керектигин өкмөттүн ЖКдагы өкүлүнөн суранды. 

Айтымында, ага Сүлүктү шаарынын тургундарынан кайрылуу келген.  “Кайрылууда  “Сүлүктү көмүр” ишканасынын 229 кенчиси жумушсуз калгандыгы айтылат. 2 жылдан бери аталган мекеменин эки жетекчиси бири-бири менен соттошуп, жыйынтыгында бир тарабы утуп чыкканы маалым. Буга карабай КРнын Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги айрым материалдарды жана ишкананы иштетүүгө уруксат бербей жатыптыр. Кенчилердин жумушсуз калганына 10 күндөн ашты. Бул ишкана жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылган жалгыз мекеме”,- деди Арипов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: