super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Эч кандай күч элдин күчүнө тоскоолдук кыла албайт"

 

Бүгүн, 24-мартта Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "2005-жылдын мартындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги Элдик революциялар: себептери жана натыйжалары" деген темада илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Иш-чарада премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдиргендей, 2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги революцияларды белгилөө боюнча бир катар принципиалдуу себептер бар. "Эң негизгиси - элдик көтөрүлүштөр тагдыр чечүүчү окуялар болгондугу. Кыргыз жеринде орун алган эки революцияда элдин күчү менен демократиялык бийлик орноду. Эки революция бири-бирине тыгыз байланыштуу. Эки качкын президент элдин тагдырын ойлобой, Конституцияга, мамлекеттик казынага кол салып, криминал менен аралашып кеткен. Кыргыз мамлекетинин момун эли чыдап келген. Бирок бийликтегилердин ошол кездеги оор абалга жеткиргендиги, элдин үнүн такыр укпагандыгы элдик нааразычылыктын пайда болушуна себеп болуп, ачык конфликтке жеткирген. Ошондуктан элдин үнүн угуш керек, элдин күчү зор. Эч бир күч элге тоскоолдук кыла албайт",- дейт Оторбаев.

Өкмөт башчы окумуштууларга кайрылып, аталган тарыхый окуяларды терең изилдеп, туура чагылдырууга чакырды. "Бул изилдөөлөр кийинки муундарга, урпактарыбызга керек. Алар Элдик революциялардан сабак алышы зарыл",- деп билдирди премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: