super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин вице-спикери: "24-марттагы революция өз максатына жетпей калды"

 

"2005-жылдын 24-мартындагы революция өз максатына жетпей калды". Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкекте "2005-жылдын мартындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги Элдик революциялар: себептери жана натыйжалары" деген конференциянын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров билдирди.

Депутат 2005-жылдын мартындагы Элдик революциядан кийин айрым адамдар демократиялык лозунгдар менен бийликке келип, өзүнүн кызыкчылыктарын коргой баштаганын белгиледи. "Ошол бийлик коомчулук алдына чыгууну унутуп калды. Элдик бийлик деген түшүнүк тебеленди. Чыныгы революция 2010-жылы орун алды. Элдик бийликти орнотуу максатында парламенттик башкаруу системи түзүлдү. Учурда парламентте коомчулуктан жашырган маселе жок. Жыйындар ачык-айкын жүрүүдө. Элди кызыктырган бардык маселелер талкууланууда. Мындан тышкары өлкөдө реформалар жүрүп жатат. Коррупция менен күрөшүү уланууда",- деди Зулпукаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: