super.kg logo
  Саясат  

Серепчи: "Коррупционерлер оппозициянын курамына кирип, бийликти сындап жатышат"

 

"Мамлекеттик башкаруунун бардык тармактарында коррупциянын очоктору бар. Бирок мага өлкөдө коррупция менен жалгыз президент Алмазбек Атамбаев күрөшүп жаткандай сезилет",- деп билдирди саясат таануучу Аалыбек Акунов. Мындай пикирин ал бүгүн, 24-мартта Бишкекте "2005-жылдын мартындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги Элдик революциялар: себептери жана натыйжалары" аттуу конференциянын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, 2005 жана 2010-жылдары орун алган окуялардын негизги себеби коррупция болгон. "Мезгилдин өзгөрүшү менен оппозициянын курамы жана маңызы өзгөрүп жатат. Конституцияга ылайык, өлкөдө оппозицияга бир топ мүмкүнчүлүктөр берилген. Жогорку Кеңеште да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, мындан туура пайдаланыш керек. Бирок кечээ эле бийликте тургандар учурда жолдорду тосуп, митингдерди өткөрүп, телеберүүлөрдөн түшпөй бийликти сындап жатышат. Ушунун өзү революциянын талаптарын ишке ашырууга келгенде чоң тоскоолдук болот. "Бүгүнкү оппозициянын кээ бир өкүлдөрү контр-революциянын түстөрү гана" дешет окумуштуулар. Аларга каршы күрөшүү кыйын. Эгер бийлик оппозицияга каршы күрөшсө, демократиядан кайткан болот. Бирок, чынында, оппозициянын атынан сүйлөгөндөр коррупционерлер болуп жатса, булар менен кантип күрөшсө болот деген маселе учурда курч турат",- деди Акунов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: