super.kg logo
  Саясат  

Таалайбек Айдаралиев дыйкандарга берилчү насыялар боюнча талап күчөтүлгөнүн айтты

 
Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары бүгүн, 24-мартта Сокулук районунда жыйын өткөрүүдө. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мекеме жетекчилери, жергиликтүү бийлик башчылары жана башкалар катышууда.

Фракция лидери Өмүрбек Текебаев быйыл дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү кечиктирилип, жазгы талаа иштерине даярдыктар кыйынчылыктарга учурап жатканын белгиледи. "Биз бул жыйынды бекеринен Сокулукта өткөрүп жатканыбыз жок, бул район башынан эле дыйканчылыктын чордону болуп саналат. Айыл чарбасынын азыркы абалын ушул аймактын мисалында кароону чечтик",- дейт Текебаев.

ЖКнын маалымат кызматына таянсак, айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев дыйкандарды жеңилдетилген насыя менен камсыздоо кечиктирилгенин моюнга алды. "Азыр насыялар бериле баштады. Бул жолкусунда өкмөт талапты күчөтүп, каражатты өз багытында гана пайдаланууну көзөмөлгө алат",- деди министр. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: