super.kg logo
  Саясат  

Абдыганы Эркебаев “2005 жана 2010-жылдары кыргыз жеринде төңкөрүш эмес, революция болду" деди

 
“2005 жана 2010-жылдары кыргыз жеринде төңкөрүш эмес, революция болду”,- деди Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев. Мындай пикирин академик бүгүн, 24-мартта Бишкекте "2005-жылдын мартындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги Элдик революциялар: себептери жана натыйжалары" деген конференциянын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, 2005-жылдын мартындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги окуяларга туура баа берүү – чоң маселе. “Ар бир адам, ар бир окумуштуу жана саясатчы аталган окуяларды өз көзү менен көрөт. Бирок илим саясий кырдаалга көз каранды болбошу керек. Илим ар бир окуяга калыс, даана баа берүүгө милдеттүү”,- деди Эркебаев.
“Төңкөрүш менен революциянын айырмасы бар. Муну илгертен окумуштуулар изилдеп чыгышкан. Революция – бул элдин иши. Ал эми төңкөрүш болгондо, бийликтеги адамдар бири-бири менен алмашат”,- деп кошумчалады Эркебаев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: