super.kg logo
  Саясат  

Германиядан 38 миллион евро өлчөмүндө грант алуу боюнча макулдашуу ратификацияланды

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасы менен Германия өкмөттөрүнүн ортосундагы 2013-2014-жылдарга каржылык жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. Документ 2015-жылдын 25-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясын Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылганы жөнүндө кабарлоого милдеттендирилди. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Айта кетсек, аталган макулдашууга ылайык, Германия 38 миллион евро көлөмүндө грант бөлөт, 15 миллион евросу – техникалык жардам, 23 миллион евросу – каржылык кызматташтык. Макулдашууда кыргыз тараптын кандайдыр бир милдеттенмелери каралган эмес.

Кыргыз өкмөтү тарабынан 23 миллион еврого төмөнкү долбоорлор ишке ашырылууга тийиш: каржы тармагын өнүктүрүү – 9 миллион евро, энеликти жана баланы коргоо – 2 миллион евро, кургак учук менен күрөшүү – 2 миллион евро, саламаттыкты сактоо – 6 миллион евро.

Ал эми 15 миллион евро өлчөмүндөгү техникалык жардам төмөнкү багыттарга жумшалмакчы: Жарандык коом менен кызматташууда ишке ашырылуучу айыл региондорунда өнүктүрүүнүн долбоорлору үчүн фонд – 3 миллион евро, Туруктуу экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү программасы – 4,6 миллион евро, кесиптик билим берүү жана жумушка орношууга көмөк көрсөтүү – 7,4 миллион евро.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: