Кыргыз өлкөсү менен Индиянын аскер күчтөрүнүн биргелешкен машыгуулары жыйынтыкталды
КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары Жаныбек Капаров
Кыргыз Республикасынын Атайын багыттагы аскердик күчтөрү жана Индиянын аскерлери бүгүн, 24-мартта "Канжар-2015" деген аталышындагы машыгууну жыйынтыкташты. Акыркы 2 аптада Токмоктогу №52806-аскер бөлүгүндө окуудан, машыгуудан өткөн жоокерлер бүгүн практика жүзүндө өз күчтөрүн көрсөтүп беришти. Чүйдөгү Шамшы капчыгайында орун алган иш-чарада алар сценарий боюнча мыйзамсыз куралданган топторду жок кылуу операциясын көрсөтүштү. Анда мыйзамсыз куралданган топ "Бурана" тарыхый комплексинде 4 туристти барымтага алган. Оперативдүү топ аларды тез жок кылып, колго түшкөндөрдү куткарып алышты.
Автор: Наргиза Бекжанова
Фото: Наргиза Бекжанова
КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары Жаныбек Капаров билдиргендей, машыгуу 14 күндөн бери өтүп келет. Индиядан келген аскер кызматкерлери 25-мартта өз өлкөсүнө учуп кетишет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:17
2025-11-07
22:29
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















