super.kg logo
  Саясат  

"Жер-Үй" кенин иштетүү укугун алууга 3 компания ат салышууда

 
"Жер-Үй" алтын кенин иштетүү үчүн жарыяланган сынак боюнча 3 компаниядан арыз түштү. Бул тууралуу 23-мартта Геология жана минералдык ресурстар агенттигинен билдиришти. Арыз берген компаниялардын экөөсү орусиялык, бири ата мекендик: "Восток-геолдобыча" ААКы, "Алданзолото ГРК" ААКы жана "Кыргыз алтын" ААКы. 
Эскерте кетсек, "Жер-Үй" кенин иштетүү боюнча 2-сынак 2015-жылдын 17-февралында жарыяланган жана кенди иштетүү укугунун баштапкы баасы 100 миллион доллар деп бекитилген. Биринчи сынак 2013-жылдын 5-апрелинде жарыяланып, бир гана компаниядан арыз түшкөндүктөн, сынак өткөн жок деп эсептелген. Анда кенди иштетүү укугунун баштапкы баасы 300 миллион доллар болчу. Бул сумма көптүк кыларын белгилеген өкмөт аны 100 миллион долларга түшүрүү чечимине келген.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: