super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: “Дыйкандарга жеңилдетилген насыя берилсе, мамлекетке кайтарымы сөзсүз болот”

 

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттар тобу бүгүн, 24-мартта Чүй облусунун Сокулук районунда айыл чарба маселелерине арналган фракциянын көчмө жыйынын өткөрүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Сокулук районунун акими Аманкан Кенжебаев, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, фермерлер катышты.

Жыйында депутат Өмүрбек Текебаев кеп нугун жазгы талаа иштеринин жүрүшүнө буруп, быйыл дыйкандарга жеңилдетилген насыя каражаттарын бөлүү чарасы кечеңдетилгендиктен, жазга карата даярдыктар бир катар кыйынчылыктарга учурап калганын, мындай маселе жакында эле Ак-Талаа районунун калкы менен болгон жолугушууларда да козголгонун баса белгиледи. “Сокулук районунда дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү менен өткөн жылдарга караганда чогултулган салыктын көлөмү дагы көбөйдү. Демек, мамлекет жардам берсе, анын кайтарымы сөзсүз болот”,- деди ал. 

Талкууга катышкан жергиликтүү тургундар кооперативдердин ишин жакшыртуу, суу чарба кызматкерлеринин маянасынын аздыгы, жеңилдетилген насыялардын карпайым элдин колуна тийиши кыйын болуп жаткандыгы, жайыттарды пайдалануу маселелерин көтөрүштү.

Т.Сарпашев кооперативдерди ирилештирүүгө ресурстар менен кызыктыруу сындуу аракеттер көрүлүп жаткандыгын, суу чарба кызматкерлеринин маянасы май айынан баштап көтөрүлөрүн белгиледи.

Фракция депутаттары кооперативдерди ирилештирүүнүн башка чараларын кароо, айыл өкмөттөрүнө дагы лизинг менен техника берүү маселесин чечүү, жеңилдетилген насыянын социалдык колдоо жана экономикалык жактан түрткү берүүчү түрлөрүн киргизүүнү караштыруу сындуу маселелерди өкмөткө табыштап, тиешелүү чечим кабыл алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: