super.kg logo
  Саясат  

Сокулук районунун тургундары Ирина Карамушкина менен жолугушууда орто мектептин менчиктештирилип кеткенин айтышты

 
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина бүгүн, 24-мартта Сокулук районунун Гавриловка айыл аймагынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жергиликтүү тургундар маданий иш-чаралар өтө турган клубдун абалына көңүл буруу керектигин айтып чыгышты. Ошондой эле Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата, ардагерлердин урматына эстелик тургузууга ылайыктуу жер жок экенин кошумчалашты. 
Жыйындын катышуучуларынын айтымында, Гавриловка айылында жайгашкан Шопоков атындагы айыл чарба кооперативинин төрагасы Заводбек Үмөталиев бир кезде колхоздун менчигинде турган клубду, мектепти өз менчигине өткөрүп алган. 
"Буга чейин өлкөдө бала бакчалардын менчиктештирилип, бир колдон экинчи колго өтүп келгени белгилүү болуп, алардын айрымдары мамлекеттин эсебине кайтарылып жатканы айтылган болчу. Бирок азыркыдай бүтүндөй эки кабаттуу, 500дөй окуучуга ылайыкталган мектептин жеке бир башкарманын колунда калып, кайра Билим берүү жана илим министрлигине сатылып жатышына биринчи ирет күбө болуп отурабыз. Мындай маселе укук коргоо органдары тарабынан дагы тыкыр иликтенип, элдин менчиги элдин колуна өтүшү керек",- дейт эл өкүлү. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: