super.kg logo

Ош. Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата окуучулар асфальтка сүрөт тартышты

 

Бүгүн, 24-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата мектеп окуучуларынын арасында “Дени сак Кыргызстан” деген аталышта асфальтка сүрөт тартуу сынагы өткөрүлдү.  

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, анда окуучулар оорунун белгилерин, алдын алуу жана жугуу жолдорун чыгармачылык менен сүрөт аркылуу чагылдырып беришти. Жыйынтыгында шаардагы Олимп, Киров, №39-мектептин окуучулары жеңүүчү аталып, баалуу белектер тапшырылды.  

Сынактын максаты калк арасында жайылып бара жаткан кургак учук илдетинин алдын алуу үчүн коомчулукка түшүндүрүү иштерин күчөтүү болуп саналат. Буга чейин дагы мектептерде окуучулар үчүн кургак учукка каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча атайын программа менен окутуу жүргүзүлүп, жат жазуулар, сүрөт сынагы, ден соолук бурчтары уюштурулуп, театралдык көрсөтүүлөр, видеотүрмөктөр көрсөтүлгөн.

Асфальтка сүрөт тартуу сынагы Ош шаарында кургак учук илдетинин алдын алуу боюнча жарыяланган бир айлыктын негизинде болуп өттү.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: