“Жоокер ыры” сынагынын Ош шаардык баскычында жеңген 3 окуучу Бишкек шаарында өтүүчү республикалык сынакка жөнөп кетти



Бүгүн, 24-мартта Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата мектеп окуучуларынын арасында уюшулган “Жоокер ыры” сынагынан жеңүүчү аталган 3 окуучу Бишкек шаарында өтүүчү республикалык сынакка катышуу үчүн жөнөп кетти.
Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, республикалык сынакка тандап алуу үчүн буга чейин шаардагы мектептердин окуучулары үчүн “Жоокер ыры” сынагы өткөрүлгөн. Сынак окутуу тили боюнча айырмаланган мектептерде өз-өзүнчө өткөрүлүп, жыйынтыгында Макаренко атындагы орус тилдүү мектебинин окуучусу Айбек уулу Атахан, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн "Кыргыз-Түрк достугу" мектебинин окуучусу Абдимамат уулу Руслан жана “Мээрим” балдар билим борборунун окуучулары 1-орунду багындырышкан. Сынактын негизги максаты окуучуларды эл-жерин сүйүүгө, патриоттуулукка тарбиялап, мекенди даңазалаган ырларды үйрөтүү болуп саналат.


